"Чек ара кызматкерлери жардам беришкен". Телефон аткезчилигинин коррупциялык схемасы аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети телефон аткезчилигинин коррупциялык схемасын ачыктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ага ылайык, мобилдик телефондорду айрым импорттоочулар Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты түзүп, дүйнөлүк бренддердеги кымбат баалуу уюлдук телефондорду Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен алып келишкен.

Алар бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарына мыйзамсыз катташкан.

Ал эми Чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө жеке импортчуларга уюлдук аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө жана аларды каттоо үчүн жардам берип, чек араны кесип өткөн жарандардын паспорттук маалыматтарын берип турушкан.

Буга байланыштуу УКМК 3-декабрда Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" жана "Beren Gold" соода борборлорунда, ошондой эле катталбаган мобилдик түзүлүштөрдү алуу максатында Ош шаарындагы “Уюлдук телефондор” дүкөндөрүндө тинтүү иш-чараларын жүргүзүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан