Германияда Меркелдин жаңы китеби рекорддук көрсөткүчтө сатылууда

Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелдин мемуар түрүндөгү китеби биринчи жумада эле 200 миң нускадан ашык сатылып, быйыл өлкөдө басылып чыккан китептер арасында рекорд койду. Бул тууралуу Media Control компаниясынын талдоосуна таянып, ТАСС агенитиги жазды.

Маалыматта Меркелдин "Эркиндик" аттуу мемуар китеби 26-ноябрда сатыкка чыкканы, китеп алгачкы күндөрү эле Германияда биринчи орунга жогорулаганы айтылат. "Быйыл бир дагы китеп мынчалык тез сатыла баштаган эмес", - деген компаниянын жетекчиси бул мурдагы канцлердин немистер арасында кадыр-барктуу экендигин белгилеген.

Компаниянын анализине ылайык, эркектер Меркелдин китебин аялдарга караганда көбүрөөк сатып алышкан. Ал эми сатып алуучулардын жаш курагы боюнча 30 жаштан 70 жашка чейинкилер алдыга чыккан. Сатып алуучулар арасында эң аз үлүш 29 жашка чейинки жана 70 жаштан жогорку адамдардын арасында катталган.

Түшүндүрмө: Мемуар (грек тилинен которгондо эстелик деген сөз) - белгилүү адамдын өзүнүн көрүп-билген же башка жакын булактардан алган окуялар жөнүндө жазган эскерүү мүнөзүндөгү чыгарма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан