Садыр Жапаров алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү боюнча билдирүү таратты

Алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт. Бул туурасында бүгүн, 5-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Фейсбук баракчасынан билдирди.
Мамлекет башчысы алкоголдук продукцияларды импорттоочулар менен өндүрүүчүлөр ага кайрылып жаткандыгын айтып, продукцияларга акциздерди кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга узартууну суранганын билдирген. Садыр Жапаров өз билдирүүсүндө бул мүмкүн эместигин белгилеп өттү.
"Алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт. Бул мүмкүн эмес. Анткени менин тапшырмам менен тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер эки жылдан бери акциздик маркаларга байланыштуу, ар кыл көмүскө схемаларды жоюунун үстүндө иш алып барышты.
Азыр “Учкун” басмаканасы жогорку деңгээлдеги коргоо элементтери менен акциздерди басып чыгарууда. Эмне үчүн мамлекет акциздерди өзү чыгарып баштады? Анткени буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, биринчиден, жасалмалоого оңой болсо, экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген.
Башкача айтканда, жасалма же контрабанда жолу менен кирген продукциялар сатыкка чыгып келген. Натыйжада миллиарддаган каражаттар казынага түшпөй калып жаткан", - деп билдирген мамлекет башчысы.
Ошондой эле билдирүүсүн улай Салык кызматынын айрым кызматкерлеринин кармалышы ушундай мыйзамсыз иштерге байланыштуу экендигин билдирип, ишкерлерге эски акциздерден арылуу жолдорун белгиледи.
"Ишкерлердин тынчсыздануусун дагы түшүнүп турабыз. Ооба, алар буга чейинки чыгарылган продукцияларына акциздик маркаларды чаптап коюшкан. Аларды кошумча чыгымга кептебеш үчүн ошол эле продукциялардагы эски акциздин үстүнө “Учкундан” чыгарылган акциздер мамлекет тараптан акысыз чапталып берилет. Эски продукцияларга акциз чаптоодо бизнесмендердин чөнтөктөрүнөн бир тыйын кетпейт.
Муну бүгүн тыйбай, дагы алты айга уруксат берсек, алты айда алты миллиард акча каражаты мамлекетке түшпөй калат. Бул каражаттар кайра эле айрым салыкчылар менен айрым ак ниет иштегиси келбеген алкоголдук продукцияны импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө гана түшөт", - деп билдирди Садыр Жапаров.
Өлкө башчысы жаңы чыгарылган продукцияларга мындан ары өлкөдө бир гана "Учкундан" басылып чыккан акциздер жармаштырыла тургандыгын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан