Имамидин Ташовдун жактоочусу болгон Самат Матцаков алдамчылык жана документтерди жасалмалоо боюнча шектелип кармалып, тергөө абагына камалган. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда УКМК кабарлады.
"М.С.А. жактоочулук кесиптик ишин жүргүзүү менен, сот органдарынын кызмат адамдары менен байланышы бар деп айтылган ишенимге кирип, 22 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган. Ошону менен бирге бул кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө башка кылмышы аныкталып, документтештирилген. Тактап айтканда, адвокат М.С.А. өзүнүн кылмышын жашыруу максатында жасалма документтерди жасаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан экинчи кылмыш иши козголгон", - деп билдиришти УКМКдан.
Ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында анын кылмыш жосундарына катыштыгынын төгүндөлгүс далилдери документтештирилген.
Мындан улам 30-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен адвокат М.С.А. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Эске салсак, 29-ноябрда эртең менен Матцаков УКМКга сурак берген. Ошондой эле анын батири атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынганы маалым болгон.