"Жалпы 224 миң сомдук протокол түзүлдү". Бишкекте башаламан соодага каршы күрөшүү чаралары күчөтүлдү

Бишкекте Муниципалдык инспекция "Ала-Тоо" аянтында, Панфилов паркында, Чүй проспектисинде жана башка эл көп чогулган жерлерде башаламан сооданы жоюу боюнча чараларды күчөттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, соода эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 224 миң сомго 68 протокол түзүлүп, борбордук аянттын аймагында 18 миң сомго 6 протокол түзүлдү.

Ал эми Панфилов сейил багында электр тармагы уруксатсыз кошулган. Мыйзамсыз тартылган зымдар алынды.

Мындан тышкары ГУМ жана ЦУМ соода борборунун аймагында күзөт иштери күчөтүлдү. Ал жерде 9 миң сомго 3 протокол түзүлгөн. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, белгисиз жерлерде соода кылгандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык, 3000 сомдон 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан