Акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылгандыгы үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусундагы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, кечээ, 4-декабрда Бажы кызматынын (Кара-Суу районунун, Ош облусунун аймагында) "БИМИ Ош сервис" бажылык каттоо жеринин кызматкерлери арасында бажы тазалоо жол-жоболорун тездетип жүргүзгөндүгү жана бажы мыйзамдарын бузууларды жашыргандыгы үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынан системалуу түрдө акча чогултуу фактылары боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Аталган кылмыш иши боюнча "БИМИ Ош сервис" бажылык каттоо жеринин эки башкы инспектору А.Д.М. жана А.А.Ш., 2 улук инспектор Ж.у.К. жана Ж.Ч.И., Ош бажы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору К.М.Н. жана "Мега логистик" БКЖнын башкы инспектору Р.М.М., ошондой эле ортомчу катары иш алып барган оператор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.