Бул жылы өлкө боюнча 100 миң тоннага жакын сарымсак өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда 2019-жылы 69 миң тонна сарымсак өндүрүлгөн, былтыркы жылы 81,6 миң тоннаны түзгөн, ал эми бул жылы 100 миң тоннанын тегерегинде болду.
Кыргызстанда сарымсактын негизги көлөмү 1 гектарга чейинки чарбаларда өндүрүлөт. Ошондой эле өлкөдө өнөр жайлык сарымсак өндүрүүгө адистешкен бир нече ишканалар бар экени айтылды.
"Кыргыз дыйкандары ички рынокту да камсыздап, башка өлкөлөргө да экспорт үчүн өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тармактагы түшүм жыйноо процессинде канчалык жогорку технологиялык ыкмалар колдонулбасын, адамдын кол эмгегисиз иштөө мүмкүн эмес", - деп билдирген министрлик.