АКШнын Калифорния штатынын түндүгүндөгү мектепте ок атышуу болуп, эки окуучу жарадар болду. Бул туурасында чет элдик басмылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя Оровилл шаарындагы 35 окуучу билим алган мектепте орун алган. Жаракат алган балдар оор абалда экендиги маалыматта белгиленген.
Аймактагы милициянын айтымында, ок чыгарган жаран өзүнө өзү кол салып, жеринде каза болгон. Билим берүүчү жай чиркөө катары кызмат кылып келет. Ал эми шектүү окуяга чейин сыйынуучу жайдын өкүлү менен баарлашып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирин ал жакка окууга орноштура турганын билдиргени маалыматта кошумчаланган.