Орусияда бир жаштагы кыздын сөөмөйүн дарыгерлер аман алып калды. Ал манжасын эскалаторго чайнатып алган. Бул туурасында орус басылмалары жазды.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя Москванын четиндеги аймактардын биринде болгон. Анда наристе ойноп жатып, эскалатордун лентасына колун салып жиберген.
Дарыгерлер өз учурунда ооруканага жеткирилген наристенин колунан аккан канын токтотууга жетишип, манжасын сактап калышкан.