Алайда 11 баш малды уурдаган эки жигит кармалды

Ош облусунун Алай районунда 11 баш малды уурдоого шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Үч-Төбө, Чоң-Каракол аймагынын тургундары милицияга арыз менен кайрылган. Анда алар малдарын уурдатканын айтышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде күбөлөр суралып, коомдук жайларга орнотулган видео көзөмөл камераларынын жазылмалары алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында Чоң-Алай районунун 2007-жылы туулган Э.Т. жана 2005-жылы туулган А.А. аттуу тургундары шектүү катары кармалышкан.
Учурда кармалган шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштуу шериктерин аныктоо жана алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги тууралуу маалыматтар текшерилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан