Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу жана берүү фактысын аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аталган бөлүмдүн жетекчиси К.М. кызматтык абалынан пайдаланып, кызматтык мөөнөтүнүн кыска мөөнөтүндө аудитордук текшерүүлөрдүн жылдык, кварталдык пландарын даярдоодо жана түзүүдө, ошондой эле текшерүү объекттери боюнча инспекторлорду бөлүштүрүүдө туруктуу коррупциялык схеманы түзгөндүгү такталды.
Ал белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн мамлекеттик инспекторлордун жакындарын максималдуу аярлуу жана финансылык жактан камсыз болгон мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жөнөткөн, алар кийин объекттердин жетекчилерин опузалап, пара берүүгө көндүрүшкөн.
5-декабрда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында аталган жетекчи М.Ж. жана К.Ж. аттуу мамлекеттик инспекторлор менен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө–оперативдүү иш-чаралар улантылууда.