Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам өзгөртүлөт. Кайсы депутат эмне деди?

Бүгүн, 5-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинети. Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу болуп саналат.

Анын айтымында, акыркы 3 жылда акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркасы бар алкоголдук жана тамеки продукцияларын табуу фактыларынын көбөйгөнү байкалууда. Ушуга байланыштуу акциздик продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү күчөтүү максатында жасалма акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок акциздик продукцияны жүгүртүү үчүн жоопкерчилик чараларын көбөйтүү сунушталат.

Төрага Нурланбек Шакиев курулуш тармагына киргизилип жаткан 12 пайыздык кошумча нарк салыгына каршы чыгып, жыйындын алдында президент менен сүйлөшүп, аталган маселени талкуулаганын, өлкө башчысы да ушундай пикирде экендигин билдирди.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев салык төлөөчүлөр жаңы шарттарды аткарууга даяр болушу үчүн аларды киргизүү мөөнөтүн узартууну сунуштады. Элдар Абакиров жаңы салыктар социалдык объектилердин курулушуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген пикирин билдирип, өлкөнүн көптөгөн аймактарында мектептер жана бала бакчалар жетишсиз экенин жүйө келтирди.

Гуля Кожокулова Бюджеттик кодекске кайрымдуулук салымдары тууралуу түшүнүктү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун көтөрсө, Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу керектигин айтты. Жылдыз Садырбаева электрондук салык отчёттуулукту тапшыруу системасын өркүндөтүү маселесине токтолсо, Айсулуу Мамашова турмуштук маанилүү дары-дармектерге, анын ичинен онкологияга каршы дарыларга салык салбоого чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан