Жогорку Кеңештин депутаттары Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине барышты. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анда кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөрүлүп, миграцияга байланыштуу маселелер ортого салынды.
Мындан тышкары элчи Кубанычбек Бөкөнтаевдин, Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин, Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун катышуусунда эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отуруму өткөрүлдү.
Депутаттар элчиликке консулдук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү, ошондой эле имиджди жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды бергендиги маалыматта кошумчаланган.