Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мас айдоочу унаасы менен укук коргоо кызматкерин сүзүп качты. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, окуя ичимдик ичип, унаа башкарып жүргөн айдоочуну кармоо учурунда болгон. Анда полиция кызматынын эки унаасы айдоочуну кубалап келип, тартип сакчылары унаанын алдын тоскондо, айдоочу алардын бирин сүзүп качкан. Бул учурда анын шериги качкан унааны көздөй ок чыгарган.
Жаракат алгандар жок. Учурда айдоочу кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.