Орусиянын Коргоо министрлиги 27-ноябрда "Орешник" ракетасы Днепрдеги өнөр жай объектисине сокку ургандан алты күн өткөндөн кийин Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов америкалык кесиптеши Чарльз Браун менен сүйлөшкөнүн жарыялады.
Сүйлөшүү орус тараптын демилгеси менен жүргүзүлгөн.
Чет элдик басылмалар аскер башчыларынын сүйлөшүүсүндө талкууланган негизги темалардын бири орус куралынын жаңы түрү – "Орешник" ракетасы болгонун жазышты.
Басылмалар бул сүйлөшүүдөн кийин Украина Орусияга ATACMS ракетасы менен сокку урбай калганын жазышууда.
"Ошондон бери Орусияга бир дагы ATACMS сокку урган жок. Ак үй менен Пентагон Герасимовдун эскертүүлөрүнөн кийин ойлонуп, токтоп калышты. Америка тарап "Орешник" каякка чейин уча аларын билишти", - деп жазышууда басылмалар.