Бишкектен унаа айдап качкан шектүүлөр изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-декабрда болжол менен саат 8:00 чамасында Бишкек шаарынан Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар айдап качканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусунда "Тосмо" иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун Кайгуул кызматынын кызматкерлери айтылган унааны Бишкек-Чалдыбар унаа жолунан токтотушкан. Шектүү катары 17, 16 жана 18 жаштагы 2 бала кармалышкан.
Кармалгандар Бишкек шаардык милициясына жеткирилди.