Бишкектин Биринчи май районунун аймагында дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарманке Түгөлбай ата көчөсүндө, Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда өтөт.
"Жарманкенин максаты – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо", - деп билдирди мэрия.
Белгилүү болгондой, аталган иш-чарадан шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат.