Талас шаарынын борборундагы административдик имарат 0,17 гектар жери менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталаган имаратты буга чейин Талас аймактык кооперативдик союзу колдонуп келген. Атайын кызмат текшерүү жүргүзүп, административдик имаратты 1998-жылдан бери кооперативдик союздун өкүлдөрү тиешелүү документтери жок мыйзамсыз пайдаланып келишкенин аныктаган.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринде алар жер мыйзамдарын бузгандыгын моюнга алышкан. УКМК мүлктүн болжолдуу наркы 10 миллион 213 миң 623 сомду түзөт деп баалоодо.
Жыйынтыгында имарат Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилди.