АКШнын Калифорния штатына жакын жердеги жээкте күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Атлантика океанында, Ферндал шаарынан 100 чакырымдай түштүк-батышты карай жайгашкан.
Катуу жер титирөөдөн улам Калифорниядагы 12 миңдей керектөөчү жарыксыз калган. Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюом жер титирөөдөн улам штатта өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча документке кол койду.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.