
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагында акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 күжүрмөн эсеп тартылды. Ал эми Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.
"Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду", - деп айтылат маалыматта.