Гүлжигит Алыкулов "Неман" клубу менен коштошту

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун "Неман футболдук клубу менен коштошту.

Футболчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасап командалаштарына, машыктыруучуларга жана күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.

"Мен бул команданын мүчөсү болгонума сыймыктанам жана клуб жаңы бийиктиктерди, чоң ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди багындырышын каалайм!", - деп жазды Гүлжигит Алыкулов.

Кыргыз футболчусу кайсы клубга өтөрү азырынча белгисиз.

2024-жылкы футболдук сезондо Алыкулов Беларусь чемпиондугунда 24 оюн өткөрүп, 7 гол киргизип, 3 жолу голдук пас чыгарып берген. Ошондой эле Чемпиондор Лигасынын тандоо турунда эки беттеш өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан