Сириялык козголоңчулар Хама шаарына бейшемби күнү киргенин билдиришти. Президент Башар Асаддын өкмөттүк күчтөрү катуу салгылашуулардан кийин маанилүү шаардан чегингенин кабарлады. Бул тууралуу Би-Би-Си жазат.
Козголоңчулар өткөн аптада өлкөнүн эң чоң шаары Алеппону басып алышкан жана андан бери шейшемби күнү Хаманын түндүгүндөгү стратегиялык бийик жерлерди ээлеп, Идлиб провинциясындагы өздөрүнүн анклавынан түштүктү карай Дамаскты көздөй жылып кетишкен.
"Хама 2011-жылы президент Башар Асадга каршы демонстрациялар менен башталган жарандык согуш учурунда өкмөттүн көзөмөлүндө кала берген. Анын кулашы Дамаск менен Асаддын Орусия менен Иран өнөктөштөрүн дүрбөлөңгө салат", - деп белгилейт Reuters агенттиги.
Хама – Алепподон Дамаскка чейинки жолдун үчтөн бир бөлүгүн түзөт жана аны басып алуу Сириянын эң жыш аймактарынын кесилишинде жайгашкан дагы бир чоң шаар Хомскко жол ачат.