УКМК дагы бир мурдагы аткаминерди кармады

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси Ж.М.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, ал мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Загара-2" кенине автожол курууну баштаган. Анда анын "Кыргызгипроземдин" дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган.

"Анда №№375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган. Ошону менен бирге "Загара-2" кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн "Кыргызкөмүр" ишканасы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган.

Кезегинде Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тартылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 миллион 978 миң сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асылдуу топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган. Натыйжада, "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын директоруна кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренесинин 2-бөлүгү (иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, андан кийин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан