Бүгүн, 6-декабрь президент Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 56 жашка толду. Буга чейин анын пресс-катчысы Аскат Алагөзов президент туулган күн тосконду анча жактыра бербей тургандыгы тууралуу SUPER.KG порталына маалымдаган болчу.
Бул жолу SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун бала-чагы, эмгек жолу, саясатка келүүсү, саясий куугунтукка кандайча кабылганы тууралуу кененирээк тизмектеп жазды.
Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы жогорку окуу жайга тапшырган. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан институтта билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ
1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген;
1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы;
1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын башкы директору;
2001-2005-жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директор кызматын аркалаган.
Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы Март окуясынан кийин аралаша баштаган. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланган.
2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү болсо, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ошол эле жылы 22-октябрда президент болуп турган Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенип, 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет.
Ал эми 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн досу Камчыбек Ташиев экөөнө Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн) боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок андан көп өтпөй, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулушат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген.
Садыр Жапаров төрт жыл бою Польшада жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн барымтага алган” деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
2020-жылдын 5-октябрында "бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү" деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү жаштардан турган топ Ак үйдү басып алышкан.
Ошол эле учурда Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында премьер-министр болуп дайындалат. 2020-жылы 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат.
2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.
Анда ал президенттик шайлоодо шайлоочулардын 79,2 пайыз добушун ээлеп, 28-январда расмий түрдө ант берип, президенттик ишине киришкен.
ҮЙ-БҮЛӨСҮ
Өлкө башчысы биринчи айым Айгүл Жапарова менен Дастан, Рустам, Нурдөөлөт, Жанайым аттуу балдарды тарбиялашкан. Тилекке каршы, ал абакта жаткан убакта тун уулу Дастан 2019-жылы жол кырсыгына кабылып, көз жумган.
Ал эми анын экинчи уулу Рустам Жапаров ошол эле жылы үйлөнгөн. Ошондой эле Садыр Жапаров менен анын жубайы каза болуп калган бир тууганынын уулу Ренат Жапаровду да тарбиялап келишкени белгилүү болгон.