
Чүйдө кыз ала качууга шектүү үч жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына жеткирилди. Бул маалыматты бүгүн, 6-декабрда Чүй ЖКККБдан билдирди.
Анда айтылгандай, милицияга 5-декабрда Бишкек шаарынан белгисиз жарандар 24 жаштагы кызды белгисиз тарапка ала качып кеткендиги кабарланган.
Бул факты боюнча Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек жана Чүйдүн аймагында ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Натыйжада "Сосновкадан" шектүү катары 28 жаштагы эки жаран жана 30 жаштагы жаран кармалышты.
Азыркы учурда шектүүлөр Бишкек ШИИББинин Тергөө кызматына жеткирилди.