Израилдин истребителдери ​​Сирия менен Ливандын чек арасындагы Эль-Кусайр аймагына чабуул жасады

Израилдин аба күчтөрү Сириянын Хомс провинциясындагы Ливан менен чек арага жакын жайгашкан Эль-Кусайр шаарынын аймагына чабуул жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сириянын Al Watan гезити менен Ливандын Al Mayadeen телеканалынын маалыматтарына караганда, Израилдин учактары Жусия өткөрмө пунктун бутага алган. Соккудан курман болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.

Эль-Кусайр акыркы убакта бир нече жолу Израилдин соккуларынын бутасына алынган. Тель-Авив чабуулдар Ливандын "Хезболла" кыймылы Сириядан курал-жарак алып турган жолдорго багытталганын айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан