Футбол боюнча Италия чемпиондугунун алкагындагы "Интерге" каршы оюнда эс-учун жоготкон "Фиорентина" клубунун жарым коргоочусу Эдоардо Бове кардиовертер-дефибриллятор орнотуу операциясын жасатууга макул болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
МРТ текшерүүсүндө футболчуда инфарктка алып келиши мүмкүн болгон ич оорусу бар экени аныкталган. Мындан улам 22 жаштагы футболчу кардиовертер-дефибриллятор орнотууга макул болуп, жакынкы күндөрү операция болот.
Эми ал Италия чемпиондугунда ойной албайт. Италия кардиовертер-дефибриллятор орнотулган спортчуларга мелдештерге катышууга тыюу салган.
Ушундай эле окуя даниялык жарым коргоочу Кристиан Эриксенде дагы болгон. Тагыраагы, ал "Евро-2020" турниринде оюн талаасында эс-учун жоготкон. Анын жүрөгү токтоп калганы аныкталып, ага дагы кардиовертер-дефибриллятор орнотулган.
Мындан улам футболчу Италиянын "Интер" клубунан кетүүгө аргасыз болгон. Бирок учурда Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубунда ойнойт.