Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, А.Э., К.С. аттуу чек ара кызматынын аскер кызматкерлери ири өлчөмдө акчалай сыйлык үчүн чет мамлекеттин жаранына Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып, республиканын аймагында жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында көмөк көрсөтүшкөн.
"Чет мамлекеттин жараны Кыргызстандын аймагындагы ири суммадагы акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүрүүгө убактылуу чектөө бар экенин түшүнүп, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналган А.Т. менен ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык алуу үчүн, бул ишке айрым чек арачыларды тартуу менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууну көздөгөндүгү аныкталган", - деп билдиришти УКМКдан.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда алардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.