Президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда Садыр Жапаровдун катышуусунда өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бүгүн, 6-декбардагы маалым жыйында билдирди.
Аталган сынак медиа өкүлдөрү жана блогерлер үчүн президент тарабынан негизделген. Бул жылы биринчи жолу өткөрүлүүдө. Демилге медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо, жетишкендиктерди таануу жана аларга дем берүү максатын көздөйт.
Уюштуруучулардын айтымына караганда, "Мейкин" сыйлыгы жыл сайын өткөрүлөт. Бул жылы 10 номинация каралып, 10 миллион сом өлчөмүндө сыйлык даярдалган.
Ал эми аталган сынакка мамлекеттик органдардан 2 өкүл, көз карандысыз маалымат каражаттарынан 9 адам жана журналисттик профилдеги окуу жайлардын өкүлдөрү калыс болот.