"Жаңы жылды майрамдоо учурунда Москвада фейерверк атуу планда жок" деп билдирди шаардын мэри Сергей Собянин 6-декабрда РИА Новостиге берген маегинде.
2022-2023-жылдары Орусия-Украина согушуна байланыштуу бийлик жаңы жылдык салюттарды уюштурган эмес. Собянин 2022-жылдын ноябрында "Активдүү жаран" сайтындагы сурамжылоого катышкан москвалыктар фейерверк жана көчө концерттерине каршы чыгышканын түшүндүргөн.
Ага ылайык, 2022-2024-жылдары Москвада 9-майдын урматына фейерверк атылган болчу.