Бишкекте уурулукка шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда милицияга кайрылган шаар тургуну белгисиз жаран Бейшеналиев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосуна кирип, баасы 92 миң сом турган кара түстөгү Maxi үлгүсүндөгү мопедин уурдап кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 18 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту шектүүгө жаза катары электрондук байкоо (браслет) тагуу чечимин чыгарган.
Учурда тергөө иштери уланууда.