Садыр Жапаров туулган күнүндө Ошко бара турган болду

Бүгүн, 6-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров бир күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Мамлекет башчысы Өзгөн айланма жолунун ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат", - деп жазган ал.

Буга чейин Өзгөндөгү айланма жол толук жасалып бүткөнү маалым болгон. Бийлик айланма жол өлкөдө алгачкы акы төлөнүүчү унаа жолу болорун билдирген. Садыр Жапаров аталган долбоорго инвесторду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев тапканын айткан.

Айта кетсек, бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 56 жашка толду. Учурда аны туулган күнү менен куттуктап башка өлкөлөрдүн президенттери куттуктоо телеграммаларын жиберип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан