Израил Газадагы ХАМАСтын 3 жогорку даражалуу командири жок кылынганын жарыялады

Палестинанын Газа тилкесинде ХАМАС кыймылынын 3 жогорку даражалуу командирлери жок кылынганын Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Коргоо күчтөрү менен Башкы коопсуздук кызматынын биргелешкен операцияларынын жүрүшүндө ХАМАС уюмунун бир нече жогорку даражалуу командирлери өлтүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Шати батальонунун командиринин орун басары Мажди Акилан, ХАМАС кыймылынын Газа дивизиясынын туннелдик бөлүмүнүн башчысы Мамдух Мехна жана Шати батальонундагы рота командири Ахмед Сувайдан экени айтылып, аталгандар былтыр 7-октябрда Израилдин конуштарына кол салууга катышканы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан