Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын директору Ж.Р. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана жеке турак жай куруу үчүн "Жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө" мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги аныкталган.
"Негизинен аталган жерлердин категориясы алгач социалдык объекттерди жана айыл чарба багытындагы жерлерди курууга арналган. Аны менен катар козголгон кылмыш иштеринин алкагында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.