Тоң районунда бир катар уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга ноябрь жана декабрь айларында Тоң районунун 4 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар унааларынын ичиндеги буюмдарын, тагыраагы, ачкыч топтому, насос, 2 даана магнитофон, 2 даана болгарка, 1 даана пчелка жана перфоратор уурдатышканын айтышкан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголгон. Шектүү катары 19 жана 18 жаштагы 3 жаран кармалып, алардан уурдалган буюмдар далил зат катары алынган. Сурак учурунда шектүүлөр өз күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан.
Учурда тергөө иштери уланууда.