Абхазия Орусия жардам берүүнү токтоткондон кийин кризис башталганын жарыялады

Абхазияда Орусиядан келген каржылык жардам токтотулгандан кийин бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын төлөөгө акча жетишпей жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Владимир Делба билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, бюджеттен түшкөн акчанын баары Орусиядан келген электр энергиясына жумшалат. Азыр жергиликтүү күч түзүмдөрүнө айлык акы төлөнбөй жатат.

Орусия 2024-жылдын 1-сентябрынан тарта Абхазиядагы бюджеттик кызматкерлерге социалдык төлөмдөрдү төлөөнү токтоткон. Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба бул Абхазия Москва алдындагы милдеттенмелерин аткарбагандыктан болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан