Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп Аман Салиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызмат ордун Абдилатиф Жумабаев ээлеп келген. Ал бул кызматка 2019-жылдын декабрь айында дайындалган.