Дагы эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты

Түркия менен Монголиянын президенттери өлкө башчы Садыр Жапаровду 56 жашка толушу менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеп, Садыр Жапаровго ийгилик каалаган.

"Учурдан пайдаланып, Сизди туулган күнүңүз менен дагы бир жолу куттуктап, Сизге ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми дос жана бир тууган кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм”, - деп айтылат Эрдогандын куттуктоо телеграммасында.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух дагы президентти куттуктап, анын жетекчилиги астында Кыргызстандын эл аралык аренада аброю өсүп жатканын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан