Бишкекте унаа уурдаган топ жигиттер кармалды. Бул туурасында ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга жаран арыз менен кайрырылган. Анда 5-декабрда болжол менен саат 8:00дөр чамасында Бишкек шаарынан Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш мерчеми киргизилип, Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек-Чалдабар унаа жолунан кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган С.И., 2007-жылы туулган Т.Ш., 2008-жылы туулган С.К. жана 2006-жылы туулган К.И. аттуу жарандар шектүү катары кармалышты.
Учурда шектүүлөр Тергөө кызматына жеткирилген.