Сузакта бир үй-бүлө көмүрдүн газына ууланып, 6 жаштагы бала каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир үй-бүлө газга ууланып, андан 6 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу маалыматты Сузак РИИБи SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү болгон. Анда Ат-Чабар айлынын 27 жаштагы тургуну үч баласы менен уктап жаткан учурунда көмүрдүн газына ууланып, алар ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, газга ууланган 6 жаштагы бала ооруканадан каза болгон.

Ал эми апасы жана 2020, 2024-жылы туулган балдары ооруканада дарыланып жатканы айтылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан