Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалымдагандай, июнь айында М., А., У. аттуу адамдар Р.Т. аттуу жарандын ишеничине киришип, анын Lаnd Rover Range Rover үлгүсүндөгү унаасын 7 миллион 850 миң сомго баалап алышкан. Алар унаага баштапкы төлөм катары 2 миллион 162 миң 500 сом беришип, калган сумманы 3 айдын ичинде төлөп берүүнү убада кылышкан. Бирок кийин алар убадасына турбастан, изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Бул ишке шектүү катары 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан