"Бир нече чет элдик ЖМКлар да катышат". Путин менен түз байланыш 19-декабрда болот

Орусиянын президенти Владимир Путиндин түз линиясы жана чоң маалымат жыйыны бейшемби күнү, 19-декабрда болорун мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Иш-чара “Владимир Путин менен жылдын жыйынтыгы” деген аталышта өтөт.

Песковдун айтымында, түз линия үчүн суроолорду чогултуу жекшембиге караган түнү башталат. Бул жылы ал бир нече батыш маалымат каражаттары камтыган пресс-конференция менен айкалышат.

"Мындан тышкары быйыл түз линиянын уюштуруучулары жасалма интеллектти жарандардын суроолорун иштеп чыгуу процессине байланыштырышты. Мунун аркасында президент келип түшкөн бардык суроолор боюнча жалпы түшүнүккө ээ болот", - деп кошумчалады Песков.

2023-жылы "Владимир Путин менен жылдын жыйынтыгы" 14-декабрда болгон. Иш-чара аралаш форматта да өтүп, анда жарандар менен катар журналисттер да суроолорду узатышкан. Президентке орусиялыктардан 2 миллиондон ашык суроо келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан