Ошто 31 метрлик флагшток орнотулду. Туунун көтөрүлүшүнө Садыр Жапаров өзү катышты 

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Ана-Кызыл айылындагы жаңы флагштокко мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземине катышты. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бийиктиги 31 метр болгон жаңы флагшток Койчу-Датка мемориалдык комплексин көрктөндүрүү алкагында орнотулду.

"Эл көп жүргөн Ош-Бишкек автожолуна жакын жайгашкан комплекс аймактын маанилүү маданий жана тарыхый объектиси болуп саналат. Сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана жайлуу отуруу аянтын түзүү үчүн эстеликтин айланасына ийне жалбырактуу дарактар отургузулган.
Койчу-Датка мемориалдык эстелиги жергиликтүү тургундар үчүн сыймыктануунун жана тарыхый эс-тутумдун символу болуп саналат", - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан