Александр Лукашенко Владимир Путинден орусиялык эң акыркы куралдарды, анын ичинде “Орешник” баллистикалык ракетасын Беларустун аймагынна жайгаштырууну суранды. Бул туурасында орус басылмалары жазды.
Маалымдалгандай, Лукашенко жакында эле Орусия “Орешник” ракетасын ийгиликтүү учуруп, атаандаштарга белгилүү бир деңгээлде таасирин тийгизгендигин айткан.
Путин өз кезегинде 2025-жылдын орто ченинде аталган аскердик техника Беларустун аймагына орнотула тургандыгын убадалады.
Белгилей кетсек, Минскте Владимир Путиндин катышуусунда Орусия менен Беларустун жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйыны болду. Анда эки мамлекет ортосундагы коопсуздук кепилдик боюнча келишимге кол коюлду.