Малайзияда өткөн сурдо оюндарынан кыргыз балбандары байгелүү кайтышты

Кыргызстандын балбандары X Азия-Тынч океан сурдо оюндарынан байгелүү кайтышты. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 9 медаль жеңип алышкан. Капчыкта 1 алтын, 6 күмүш, 2 коло бар.
Алтын медалдын ээси:
60 килограмм салмакта - Смадияр Жумкадыров;
Күмүш медалын ээлери:
Динмухамед Бигельдиев - 67 килограмм салмакта;
Сүймөнкул Икрамов - 72 килограмм салмакта;
Дастан Рыспаев - 82 килограмм салмакта;
Алишер Шамшединов - 87 килограмм салмакта;
Нарту Абдурахманов - 97 килограмм салмакта;
Габит Айдарбеков - 130 килограмм салмакта.
Коло медалдын ээлери:
Абдурасул Исмаилов - 63 килограмм салмакта;
Сыймык Чолпонбек уулу - 77 килограмм салмакта;
Белгилей кетсек, X Азия-Тынч океан сурдо оюндары Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында орун алган. Курама команда башкы машыктыруучу Фархад Ушуров жана машыктыруучу Рустам Ушуровдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан