Окумуштуулар Арктикада муз толугу менен жоголушу мүмкүн экендигин айтты

2027-жылга чейин Арктика муздан толугу менен тазаланышы мүмкүн. Бул планетанын жашоочулары үчүн кооптуулук жаратат. Бул тууралуу Гетеборг университетинин климатологу Селин Хоуз менен Колорадо университетинин Боулдер университетинин доценти Александра Янгдын изилдөөлөрүнө таянып чет элдик басылмалар жазды.

Маалымдалгандай, окумуштуулар 300 компьютердик симуляцияны колдонуп, Арктикада биринчи музсуз күн качан болорун аныкташкан. Көпчүлүк эсептөөлөр боюнча, парник газдарынын эмиссиясы өзгөрүп, өзгөрбөсө да, 9-20 жылдын ичинде муз толугу менен ээрийт деген кепилдик берилет.

Бирок, 300 симуляциянын тогузу Арктика музсуз боло турган күн эртерээк — үч жылда эле келиши мүмкүн экенин көрсөттү. Күз мезгилиндеги аба ырайынын кескин жылышы, жумшак арктикалык кыш бул үчүн шарттарды түзө алат.

“Арктикадагы биринчи музсуз күн аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Жердин экосистемасына жана климатына олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн. Айта кетсек, Италиянын түштүгүндө минус жыйырма градуска чейин өтө суук температура күтүлсө, Скандинавияда токой өрттөрү чыгышы мүмкүн”, - деди Хоуз.

Окумуштуулар Арктикада күн жылуу болуп, муз толук ээрисе деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө да алып келе тургандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан