Президент Садыр Жапаров Афганистан өлкөсү менен Кыргызстандын мамилеси, аларга көрсөтүлгөн жардам жана ал өлкөнү изоляциядан чыгаруу багытында түрк басылмасына маек курду.
Мамлекет башчысы Кыргызстанга ал өлкөнүн тийгизген таасири жана аларга берилген жардам туурасында кенен айтып берди.
“Афган эли узак жылдар бою согуш жана анын кесепеттеринен жапа чегип, кыйналып келет. Афганистан менен чек арабыз түздөн-түз болбосо да, кошуна өлкөбүз аркылуу чектешет. Андыктан ал жактагы абалдын курчушу кайсыл бир деңгээлде бизди дагы тынчсыздандырат.
Өзүңүздөр билгендей, 2021-жылы Афганистанда бийликке “Талибан” кыймылынын лидерлери келишти. Азыркыга чейин бул өлкөдө жетекчилик кылышууда. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде биз дагы “Талибанды” тыюу салынган уюм тизмесинен чыгардык.
Талибдер бийликке келгенден көп өтпөй бир нече жолу гуманитардык жардам жөнөттүк. Афганистандагы кырдаалдын мындан ары дагы курчушу биздин регионго да терс таасирин тийгизиши мүмкүн“, - деп белгилеген президент.
Садыр Жапаров Европа өлкөлөрүнүн лидерлерин, АКШнын жетекчилигин Афганистандын азыркы бийлигин таанууга, афган элинин келечеги үчүн “тоңдурулган” каражаттарын кайтарып берүүгө чакырды.
“Эгерде талибдер алсыз болсо аларды афган эли эчак эле бийликтен сүрүп түшүшмөк да. Азыр алар дээрлик толук изоляцияда турушат. Афганистанды дүйнөнүн калган бөлүгүнөн бөлүп, изоляцияда кармоо менен маселе чечилбейт. Тескерисинче, азыркы кырдаал канчалык созулган сайын афган эли азаптуу күндөрдү башынан кечириши улана берет.
Талибдер 2021-жылдын жайында бийликке келгенде Афганистандын Борбордук банкынын чет жактагы 9,4 миллиард долларлык активдери батыш өлкөлөрүндө “тоңдурулганын” жакшы билесиздер. Анын 7 миллиард доллардайы АКШда.
Бул каражатты Афганистандагы кырдаалды жакшыртууга жана афган элинин бакубатчылыгы үчүн тез арада кайтаруу зарыл деп эсептейм”, - деп билдирди Садыр Жапаров.
Өлкө башчысы Европа өлкөлөрү же Америка Афганистанга жардам берүүнүн алкагында ар кыл долбоор же атайын программалар аркылуу техникалык жардам бере турган болсо, Кыргызстан аны ишке ашырууга даяр экендигин айтты. Мисал катары адистерди жогорку окуу жайларда окутуп берүүнү колго ала тургандыгын ачыктады.
Мындан тышкары Садыр Жапаров афгандын азыркы бийлиги мындай кадамдарга макулдугун билдире тургандыгын кошумчалаган.