Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Ысык-Көл, Боз-Бешик жана Дархан айылдарында жайгашкан 8 турак жайда мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлдү. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай,Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иш-чарасынын алкагында экологиялык мыйзам бузууларга каршы атайын тергөө-ыкчам иш-чаралар өткөрүлдү.
Анын натыйжасында тинтүү учурунда 37 даана синтетикалык тор (жалпы узундугу 2800 метр), 2 даана желим кайык, 43 даана балык, 2 даана насос, түлкүнүн териси табылып далил заттар катары алынган.
Учупда тергөө иштери уланууда.