Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн эришине эмне себеп болуп жаткандыгын айтты (видео)

Бүгүн, 7-декабрда президент Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн активдүү эришине себеп болгон багыттардын бирин атап, Фейсбук баракчасына билдирүү калтырды.

Мамлекет башчысы учактардын учуусу да экологияга, айрыкча мөңгүлөргө тийгизген терс таасири эбегейсиз экендигине токтолгон.

“Учууларга байкоо салган дүйнөлүк сервис FlightRadar24 маалыматына ылайык, 2024-жылы 19-июлда бир сутка ичинде 275 миң 690 учуу катталган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 22 миң 362 учууга көп.

Мисалы, сентябрда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын иш-чарасына Airbus A320 учагы менен барып келдик.

88 тонна 459 килограмм авиа керосин куюлуп анын 70 тонна 763 килограмм сарпталды. Ал жака барып кайра Бишкекке кайткан аралык 22 миң 948 чакырымды түздү. Бул аралыкта 3 тонна 323 килограмм СО2 (уулуу көмүр кычкыл газы) атмосферага чыгарылган.

Эми элестеткиле бир учак эле бир суткадан бир аз ашык убакытта үч жарым тоннага жакын уулуу калдыктарды абага чачып жатса, суткасына дүйнө жүзү боюнча орточо 200 миң учак көтөрүлгөндө канчалаган уулуу калдыктарды чачып жатат? Дүйнө жүзү боюнча 2023-жылы 312 млн тонна, 2024-жылы 335 млн тонна авиакеросин сарпталган. Тонналаган уулуу калдыктар тоолорго, мөңгүлөргө барып түшүүдө да.

Ошондуктан дүйнөлүк коомчулукту, айрыкча триллиондогон доллар акча каражататрын климатты сактоого деп которуп жаткан бай мамлекеттерди бир гана жашылдандырууга эмес, учактардан бөлүнгөн уулуу калдыктарды азайтуу багытында иш алып барууга чакырат элем”, - деп билдирген Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы согуштук аракеттерге жумшалган каражаттарга, климатты сактап калуу багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Глазгодо өткөн глобалдык саммитте, Дубайдагы COP-28 жана Бакудагы COP-29да, БУУнун жогорку трибунасынан дагы мөңгүлөрдү сактоо керектигин айтып келе. Ошондой эле Түштүк Кореяга болгон расмий сапарында да бул тема боюнча Пан Ги Мун менен сүйлөшкөнү маалым.

Садыр Жапаров мөңгүлөр жөнүндө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан