Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары Беловодскийдеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты. Бул туурасында аталган мекемеден кабарлашты.
Маалымдалгандай, иш-чара майыптыгы бар жарандардын күнүнө карата уюштурулган.
Жолугушуунун жүрүшүндө аскер кызматчылары балдарга азык-түлүк жана башка керектүү тиричилик буюмдарын тапшырып, аларга жакшы тилектерин айтышты. Өз кезегинде стационардын жетекчилиги да жардам үчүн ыраазычык билдиргендиги маалыматта кошумчаланган.